<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><hymn_number>325</hymn_number>
<lyrics>[V1]
.  Dm                 A
 Жаным кейип алсырап турганда,
.                  Dm
 Тизе бүгүп Сага келем.
. Dm                A
 Жүрөктөгү бүт азап-кайгыны,
.                   Dm
 Куткаруучум, Сага берем.

[C1]
.     Gm               Dm
   О Теңирим, менден алыстаба,
.               A            Dm
   Суранамын, таштаба, калтырба.

[V2]
 Бир гана Сен тынчтык бере аласың,
 Көздөгү жашты аарчыйсың,
 Күнөө кылып Сени кейитсем да,
 «Кечир» десем, кечиресиң.

[C2]
   О Теңирим, кечирчи, суранам,
   Балаңды азгырыкка алдырган.

[V3]
 Канча ирет Сенден алыстадым,
 Канча ирет тил албадым,
 Бирок колуңду тартып албадың,
 Эч убакта таштабадың.

[C3]
   О Теңирим, ыраазымын Сага,
   Татыксызмын, ак сүйүүңө, Ата.

[V4]
 Баратам басып таш, тикен жолду,
 Сен бергенсиң ошол жолду.
 Жолумдагы тикен, таш бутумду
 Жаралады, мен жыгылдым.

[C4]
   О Теңирим, бул жол кыйын экен,
   Кыйнап жатат бутумдагы тикен.

[V5]
 Өзүң келдиң, мен жыгылганымда,
 Алдың мени колдоруңа.
 Жараатымды таңып бутумдагы,
 «Жетелеймин» дедиң дагы.

[C5]
   О Теңирим, жетеле, суранам,
   Шилтей албайм Сенсиз бир да кадам.</lyrics>
<title>Жаным кейип алсырап турганда РЫЖ325</title>
<key>Dm</key>
</song>